Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук китепканада шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилиги  алдында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын иштери боюнча шаардык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйынга райондук администрациялардын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле «Назик-Кыз», «Нью Эйдж» жана  «Равенство» коомдук фонддорунун өкүлдөрү катышты.

Кеңеште мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын иштери боюнча кеңештин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук транспортко жеткиликтүүлүгү, коомдук транспорттун токтоочу жайларынын аталыштарын жаңсоо тили (сурдоперевод) аркылуу камсыздоо,  бардык коомдук транспортторго үн сигналдарын орнотуу жана пандустарды нормаларга ылайык келтирүү боюнча маселелер каралды.

Докладчылар катары райондук муниципалдык администрациялардын өкүлдөрү, шаардын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жана «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тапшырмалар берилди, ошондой эле жооптуу кызматкерлерге тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуштар киргизилди.