Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин саясат маселелери боюнча бюросу, эл аралык кызматташтык жана чет өлкөлүк долбоорлор бөлүмүнүн директору Нозому Минагава баштаган Япония делегациясы менен жолугушту.

Күн тартибинде Кыргызстан менен Япониянын шаарларынын шаар куруу, турак жай-коммуналдык чарба, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жаатында өнөктөштүк мамилелерин активдештирүү маселеси турат.

Мирланбек Байгончоков белгилегендей, Бишкек шаарынын мэриясы борборлор ортосундагы мамилелерди прогрессивдүү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. «Биз бул маселелерди чечүү боюнча Япониянын тажрыйбасын үйрөнгүбүз келет», - деп кошумчалады мэрдин биринчи орун басары.

Жолугушуунун соңунда тараптар жемиштүү, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө үмүт артышты.

Маалымдама: Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн 32 жылдын ичинде 2024-жылдын май айында Токионун губернатору Юрико Коикэ айымдын чакыруусу менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин Токиого биринчи сапары менен барган.