Биринчи май районунда жашаган 14 жубай  Мендельсондун үйлөнүү үлпөт маршынын коштоосунда маараке  Ардак китебине кол коюшту.
Эл аралык карылар күнүн белгилөөнүн алдында Бишкектин Бакыт  ордосунда  бриллиант, изумруд жана алтын үйлөнүү тоюн белгилеп жаткан жубайлар маараке белгилешти.


Майрамдык салтанаттын катышуучуларын Биринчи май районунун башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова куттуктады.
“Шаттык” бий ансамбли жана балдар чыгармачылык борбору майрамдык маанай тартуулап, ошондой эле КР Эл артисти Бакыт Ыбыкеев өзүнүн репертуарындагы популярдуу ырларын аткарып берди.


Бактылуу болгула биздин кымбаттуулар, дагы көп жылдар бою  үй-бүлөңүздүн жана досторуңуздун сүйүүсүнө бөлөнүп, бакубат өмүр сүрүңүздөр.