2024-жылдын 1-октябрынан 5-октябрына чейин Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндары өтөт.

Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан Республикаларынан, Россия Федерациясынан (Новосибирск, Коми Республикасы жана Дагестан Республикасы), Түркмөнстандан, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан чыгармачылык сынактардын жеңүүчүлөрү, Бишкек Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү катышат.

Оюндар Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Дельфий комитети Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин жана КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын колдоосу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жардамы менен уюштурулууда.

Оюндарга 7 жаштан 14 жашка чейинки жаш таланттар катышат. Оюндардын программасына элдик, классикалык жана заманбап искусствонун 11 конкурстук номинациялары боюнча сынактар кирет, алар фестивалга жана сынактык программага бөлүнгөн: фортепиано, скрипка, классикалык гитара, сүрөт искусствосу, эстрадалык ырдоо, элдик бий, жеке элдик ырдоо, ди-джей, элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк, ошондой эле Парадельфий номинациясы – жаңдоо тилинде ыр ырдоо.

Оюндардын негизги максаты жана милдеттери – таланттарды аныктоо жана колдоо, улуттук маданияттарды даңазалоо, сактоо жана өнүктүрүү, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, мамлекеттер ортосундагы байланышты чыңдоо, жаштар менен балдардын, чыгармачыл интеллигенциянын жана Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтык, гуманитардык тармак, жаштардын маданиятынын профессионалдык өсүшүнө көмөктөшүү, иш-чара туризмин жана чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү.

Сынактар Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында,  республикалык «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр борборунда, Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде, «Таберик» балдар музыкалык театрында, «Ала-Тоо» эс алуу борборунда өтөт.

Калыстар тобунун курамы эл аралык калыстар тобунун аккредиттелген мүчөлөрүнөн, КМШ өлкөлөрүнүн жогорку жана орто окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрүнөн, ошондой эле өткөн Эл аралык Дельфий оюндарынын лауреаттарынан турат. Оюндардын жеңүүчүлөрүнө ар бир номинация боюнча алтын, күмүш жана коло медалдар, ошондой эле кесипкөйлүгү үчүн дипломдор ыйгарылат.

Искусство ар дайым эл аралык тил болуп келген, бул чыгармачылык конкурс да четте калбайт. Бул маанилүү маданий иш-чараны жыл сайын өткөрүүнүн аркасында искусство жаатындагы эл аралык байланыштар өнүгүп, чыңдалууда. Катышуучулар дүйнөнүн ар тарабынан келген таланттуу балдар менен таанышып, тажрыйба алмашып, бири-биринен үйрөнүшөт. Бул алардын көз карашын кеңейтүүгө жана искусствого жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

КМШга мүчө мамлекеттердин Бишкекте өтүүчү Ачык Балдар Дельфий оюндары чыгармачылык таймаш гана эмес, өсүп келе жаткан муунду жалпы баалуулуктардын жана салттардын айланасына бириктирген маданият менен искусствонун майрамы.