2024-жылдын 29-сентябрында Бишкекте бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону Snow Leopard Run 2024 өтөт.

Иш-чара Ала-Тоо аянтында 4500 адамдын катышуусунда өтөт.

Жарыш 5 км, 14 км, 21,1 км аралыктарды, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыйт.

Жарым марафондук маршрут борбордук көчөлөр аркылуу өтөт.

Буга байланыштуу эртең мененки саат 6:00дөн баштап көчөлөрдүн төмөнкү тилкелерин жабуу пландалууда:
- Чүй проспекти  Манас проспектисинен  Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү  Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
-   Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
-  Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн  Айтматов проспектисине чейин.
- Ч.Айтматов проспектиси  Иманалиев көчөсүнөн  Чүй проспектисине чейин.

Каттамдын боюна электрондук хронометраж системасынын пункттарын, ошондой эле катышуучулар үчүн тамак-аш пункттарын (жолдун бөлүгүндө) орнотуу зарылчылыгына байланыштуу эрте жабылат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен “Nomad Sport” коомдук бирикмеси уюштурууда.