Шаар мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен бүгүн саат 06:00дө мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин, акимдердин жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда борбор калаадагы жолдорду капиталдык оңдоо боюнча  көчмө жыйын өттү.

Ленин районунун аймагында Айни көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Псков көчөсүнө чейинки тротуарынын, Ахунбаев көчөсүнүн  Айтматов проспектисинен Бакаев көчөсүнө чейинки тротуарынын, ошондой эле Чайковский көчөсүнүн Лущихин көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейинки жана Л. Толстой көчөсүнүн Т. Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки жолунун капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.

Биринчи май районунда Республика  көчөсү  Жибек-Жолу проспектисинен ЧЧКга чейин, Кулиев көчөсүн Окраина көчөсүнөн  Максат көчөсүнө чейин, Жумабек көчөсүн Манас проспектисинен Исанов көчөсүнө чейин капиталдык оңдоонун жүрүшү текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди:
- «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына көрсөтүлгөн участоктордон курулуш таштандыларын чыгарууну тез арада уюштуруу, мурда башталган бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүү;- “Тазалык” муниципалдык ишканасына жол сызыктарын жууп, зарыл болгон учурда аларды жаңыртуу;- "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасына Кырк-Кыз көчөсүн жарыктандыруу.

Ленин жана Биринчи май райондорунун муниципалдык администрацияларына жолдорду капиталдык оңдоо боюнча аткарылган иштердин сапатын өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.