Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды муниципалдык инспекциянын инспекторлору аныкташты.
Уруксат берүүчү документтери жок жер казуу иштерин жүргүзүп жаткан адамдар аныкталды. Аларга карата административдик чаралар көрүлдү.
Алсак, Абай көчөсү боюнча "Энерджи билдинг Кейджи" ЖЧКсына 23000 сомго КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айып салынды.
Жеке ишкер Е.В. Г. карата КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесине ылайык протокол түзүлүп, жанаша жайгашкан аймакты таштандылардан тазалоо жөнүндө эскертүү берилди.
Тазалык эрежелерин сактабагандыгы үчүн Кийзизбаев көчөсү-26 дарегиндеги "Делмар групп" ЖЧКсына 114-берене боюнча протокол түзүлүп, 13000 сом айып салынды.
"КС Монтаж" ЖЧКга жер иштерин уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүп, КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 178-беренесинин 3-бөлүгүн бузган. Ага 35000 сом айып салуу тууралуу токтом кабыл алынды. Ландшафттык дизайн элементтерин баштапкы абалына келтирүү үчүн 2 күндүк мөөнөт берилген.
Ак-Ордо конушунун Бар-Булак көчөсү, 7 а дарегине А.А.К. аттуу жаран канализация системасын киргизүү үчүн уруксат документтери жок жер казуу иштерин жүргүзгөн. Ага 178-берененин 3-бөлүгүнө ылайык, 12500 сом айып салынган.
Белгилей кетсек, көрктөндүрүү эрежелери бардыгы үчүн бирдей!