Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сквердин курулушун аяктады.
Ачылыш аземи Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ж.Ырсалиевдин, Ленин районунун акими Ж.Шакиевдин, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Турдуевдин катышуусунда өттү.
Бул жаңы коомдук жай тургундар үчүн эң сонун эс алуучу жайга айланат деп ишенебиз.
Сквердин аянты 4173 чарчы метр. Анын 558 чарчы метри таман таш, ал эми 573 чарчы метри желим төшөлмө менен капталган. Аянтта шахмат үстөлдөрү жана стол тенниси үчүн аянтчалар орнотулган. Балдар аянтчасы 521 чарчы метри желим төшөлмө капталып балдар үчүн оюн элементтери менен жабдылган.
Мындан тышкары, тренажерлору бар воркаут аянтчалары курулуп, сквердин 814 чарчы метри жасалма шибер менен кооздолгон.
Жаңы сквер шаардыктардын активдүү эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Курулуш иштери "ВМ Ассистент" ЖЧКсы подряддык уюм тарабынан жүргүзүлгөн.