"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Октябрь райондук администрациясынын аймагындагы жолдорду, тротуарларды капиталдык оңдоону улантууда.

Бригада 10-кичи райондогу Малдыбаев көчөсү менен №20, 21, 22, 36, 37   үйлөрдүн ортосундагы жолду ирригация системасын орнотуу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатат.

Бүгүнкү күндө эски асфальтты сыйруу, ирригация системасын жана бордюрду орнотуу иштери аяктады. Жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.