«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы ичүүчү суу кечиктирилип жатканы үчүн тургундардан кечирим сурайт.

«Көк-Жар» суу алгычында оңдоо иштери күтүлбөгөн жагдайга байланыштуу белгиленген мөөнөттөн кеч, түн жарымынан кийин бүткөрүлдү.

Суу алуучу жайда оңдоо иштери аяктагандан кийин суу түтүктөрүн толтуруу зарыл. Бирок түтүктөрдө аба туруп калып, оңдоо иштерине кошумча убакыт талап кылынган.

Шаар тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн учурда насостук станциялар ишке киргизилүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы сабырдуулук  жана түшүнүктүүлүк  үчүн ыраазычылык билдирет. «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы таза сууну калыбына келтирүү боюнча бардык чараларды көрүүдө.