Кечээ, 23-сентябрда, электрондук медиалардын бирине, “@ertaisfr” аттуу интернет колдонуучуга шилтеме берүү менен “№52 муниципалдык автобус массалык жол кырсыгына кабылды, айдоочусу мас абалында экен” деген маалымат чыккан.

Аталган окуя Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынды.

Муниципалдык автобус катышкан жол кырсыгы аныкталган жок жана айдоочунун мас экендиги тастыкталбаганын билдиребиз.

Автобустун айдоочусу аялдамага токтогон маалда, артында келе жаткан “Мерседес” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу автобусту ашып өтүү учурунда, аркадагы башка унааны сүзүп алган.

Милициянын Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери автобус айдоочусун наркологиялык бөлүмгө алып барып, тиешелүү анализдер алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочунун алкоголдук ичимдик ичкени аныкталган жок.

Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар жана интернет колдонуучулар! Жолдо коомдук транспортко жол бошотуп берүүңүздөрдү өтүнөбүз жана аралыкты сактап айдаңыздар. Ошондой эле маалымат таратууда, анын анык экендигине көңүл бурууну, бир нече булактан тактап анан жайылтууну сунуштайбыз.