2024-жылдын 26-сентябрында саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү убактылуу  токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
Панфилов көч., Манас пр.,   Фрунзе көч. — темир жол линиясы.
«Тоголок Молдо» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.