2024-жылдын 25-сентябрында саат 10:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
- Чатыркөл - Шералиев көч. - Күйүкова көч. - Чортеков көч. - Ахунбаева көч. - Муромская көч. Жазира көч. - Көпүрө-Базар көч. Ахунбаев көч. - Репин көч.
Чортеков жана Күйүкова көчөлөрүндөгү диаметри 200 мм, 150 мм, 80 мм, 200 мм суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.