Биринчи май акимиатында ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси боюнча жыйын өттү.
Кеңешмеге шаардык жана райондук прокуратуранын, мамлекеттик салык кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрү жана муниципалдык администрациянын ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар кызматкерлери, ошондой эле райондун ишкерлери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө прокуратуранын кызматкерлери тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, бизнести колдоого багытталган мыйзамдардагы учурдагы өзгөртүүлөр, "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемесинин иштеши, ошондой эле жалпысынан ишкердикти колдоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жөнүндө маалымат берилди.