А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында «ИМПУЛЬС» аттуу чакан формалардын IX Эл аралык театралдык фестивалы башталды.
Фестивалдын ачылыш аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты.
Фестивалдын биринчи спектакли: Слободан Маруновичтин (Черногориянын улуттук театры, Подгорица шаары) аткаруусундагы Сергей Томовичтин "Негоштун акыркы сааты" монодрамы көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, бул жылы фестивалга ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстан, Испания, Черногория, Сербия, Армения жана Орусиядан 6 театралдык чыгарма тартууланат.
Фестиваль 2024-жылдын 27-сентябрына чейин созулуп, анын негизги максаты - кыргыз театралдык искусствосун дүйнөлүк мейкиндикке интеграциялоо, театр аркылуу элдерди бириктирүү, маданияттар аралык долбоорлорду түзүү жана театр искусствосунун жаңы багыттарын жайылтуу болуп саналат.