“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы 24-сентябрдан 28-сентябрга чейин Сүйүмбаев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишин убактылуу жапты.

Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин ШМА (майдаланган-мастик асфальтбетон) төшөө иштерине байланыштуу жабылат.

Эске сала кетсек, Сүйүмбаев көчөсүн бойлой Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери 2024-жылдын  титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлүүдө.

Жолчулар фрезер менен асфальттын бир катмарын алып, эски бордюрларды демонтаждап, жаңысын орнотушту. Ошондой эле түтүктөрдү жана жол бордюрларын алмаштыруу жана орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Бул кесилиш жабылгандыктан, айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, альтернативдүү жолдор менен жүрүүнү  суранабыз.

Ошондой эле, маалымат катары, ушул эле райондо 2023-жылы жолдун эки тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөнүн маалымдайбыз.