Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагына Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылды. Бул  окуянын урматына жазуучунун чыгармасынын негизинде “Сынган кылыч – кылым китеби” деген темада адабий кече өткөрүлдү.

Адабий кече ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналып,  Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.  

Иш-чарага маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Абсамат Акунов, борборлоштурулган китепкана тармагынын директору Кулсайра Дандыбаева, ошондой эле ардактуу коноктор катышты.

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жазуучу менен жеке жолугушуулары, тарыхый чыгармаларды жаратуудагы мамилеси тууралуу айтып берди.

Кыргызстандын эл акыны Тынчтыкбек Нурмамбетов чыгарманын духунан шыктанып, романга арналган ырларын окуп берди.

Кыргыз  эл акыны Кожегелди Култегин Т.Касымбековдун кыргыз маданиятына тийгизген таасири тууралуу ой бөлүштү.

Кеченин жүрүшүндө Төлөгөн Касымбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, келген коноктор жазуучунун дүйнөсүнө сүңгүп, анын адабий басып өткөн жолу менен кеңири таанышышты.

Жазуучунун уулу Расул Касымбеков болуп, атасы тууралуу жүрөк козгоорлук эскерүүлөр менен бөлүштү.

Бишкектин борбордук китепканасына Т.Касымбековдун ысымын ыйгарууга арналган бул кече залкар жазуучунун элесин сактап калуудагы маанилүү окуя болуп калды, анын чыгармачылыгы жаңы муундарды шыктандырып келет.