Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата видео сынак жарыяланган.
Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын уюштуруу жана кадр иштери бөлүмүнүн адиси сынакка катышып, жогорку баллга ээ болуу менен бирге, республика боюнча алдынкы 5 орундун катарына кирип, баалуу белекке ээ болду.
Аталган сынактын максаты эне тилди сүйүүгө, өнүктүрүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, сынакка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрүнөн 100дөн ашык катышуучу катышкан.