Бишкек шаарында Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “ 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгын аткаруу максатында майрамдык иш-чаралар өтүүдө.
Биринчи май районундагы №108 мектепте майрамдык иш-чара өттү. Мектеп окуучулары бай маданий программа даярдашты. Иш-чаранын негизги учурларынын бири “Манас” эпосунан үзүндү аткаруу болду.
Улуттук буюмдардын жарманкеси уюштурулду. Майрамдын маанайын мектеп мугалимдери уюштурган “Сармерден” ыр сынагы болду.
Свердлов районунун жалпы билим берүү жана мектепке чейинки мекемелеринде эне тилди кеңири жайылтууга багытталган ачык сабактары уюштурулду.
Окуучулар көркөм ыр окууга, мамлекеттик тилде ырларды аткарууга, ошондой эле сүрөт көргөзмөлөрүнө жана чыгармачылык иштерине катышты.
Элдин маданий өзгөчөлүгүн жана биримдигин калыптандырууда тилдин ролуна өзгөчө көңүл бурулат. Иш-чаралар жаш муундардын тилге болгон кызыгуусун жана анын байлыгын арттырууга багытталган.
Ленин районунун мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ачык сабактар жана иш-чаралар өткөрүлдү.
№141, 8, 37, 53, 131, 18 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдар ыр ырдап, бийлеп, улуттук оюндарды ойношту. №84, 74, 40, 9 орто мектептеринде окуучулар ырларды окуп, «Сармерден» сынагына да катышышты.