Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Виктория Мозгачева менен Франция Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николас Феайдын жолугушуусу өттү.

Франция Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси сылык сапары менен келди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Тараптар маданий-билим берүү долбоорлорун колдоого, искусство жана маданият тармагында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууга багытталган эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

«Бишкек шаарынын мэриясы кызматташууга даяр. Муниципалитет маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүгө ар дайым жардам берип келген жана көрсөтө берет, ошондой эле билим берүү тармагы менен кызматташууга даяр», - деп белгиледи мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева.

Жолугушуунун соңунда тараптар бул багыттар боюнча кызматташуу оң натыйжаларды берип, достук мамилелердин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.