"Эмгек резерви" республикалык дене тарбия жана спорт борборуна баруу үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын адистери жолду капиталдык оңдоодон өткөрүп жатышат.

Адистер 2024-жылдын кошумча титулдук тизмесине ылайык, Чоң Чүй канал боюндагы Абдрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки жолду оңдоп башташкан.

Учурда ирригациялык системаны, тротуар жана жол бордюрларын орнотуу, ошондой эле тротуарга асфальт төшөө иштери аяктады.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө 2 үй демонтаждалып, таянычтар көчүрүлүп, 4 700 м2 аянтка унаа токтотуучу жай уюштурулуп, жолдун туурасы 8 метрди түздү.

Учурда жолго жана унаа токтотуучу жерге асфальт салууга чейинки даярдык иштери аяктап жатат.