Биринчи май районунун 78-мектеп-гимназиясында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуковдун жана муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Айнура Арстамбекованын катышуусунда «Тазалык сенден башталат» деген темада ачык сабак өттү.
Ачык сабактын жүрүшүндө окуучулар курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча активдүү пикир алмашып, жаш муундардын экологиялык маданиятын өстүрүүгө салым кошушту.
“Тазалык” ишканасынын директору Жолдош Чуштуков окуучуларга таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасы кандай иштерин жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Райондун башчынын орун басары Айнура Арстамбекова айлана-чөйрөнүн тазалыгы жана тартиби үчүн ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги маанилүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары, мектептин окуучулары тарабынан “Калдыктарды кайра иштетүү” көргөзмөсү уюштурулуп, анда кайра иштетилген пластиктен жана картондон кол менен жасалган түрдүү буюмдар көрсөтүлүп, таштандыларды кайра иштетүүнүн практикалык үлгүлөрү көрсөтүлдү.