Шаардыктар менен жолугушуу “суроо-жооп” форматында өттү, анын жүрүшүндө борбордук муниципалитеттин башчысы Бишкекти социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча пландар жана шаарда ири долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу айтып берди.
Мэр калаанын кичи райондорунун ички жолдоруна жана кварталдар аралык жолдорду капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө ѳзгѳчѳ кѳңүл бурду.
Октябрь районунун тургундары тарабынан тышкы жарыктандыруу, ирригация, авариялык абалдагы бактарды кыйуу жана суу менен камсыз кылуу маселелери кѳтѳрүлдү.
5-августта калаа башчысы Биринчи май районунун тургундары менен жолугат.