«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «Көк-Жар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Аталган иштердин алкагында 2024-жылдын 24-сентябрында саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
- темир жол линиясы - Фрунзе көч — Аламүдүн суусу - Панфилов көч;
- темир жол линиясы - Матросов көч - Горький көч - Гвардейский көч- Бектенов көч. -Скрябин көч - Мавлянов көч - 7-апрель көч.

Урматтуу шаар тургундары ! “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.