Бишкек шаарынын мэриясы 2024-жылы борбордун негизги 6 көчөсүндө жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүнү мерчемдеген. Алар көп жылдан бери оңдоодон өтө элек көчөлөр.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев тарабынан капиталдык оңдоонун жүрүшүндө сапатка жана жумушту белгиленген графикке ылайык аткарууга тыкыр көзөмөл жүргүзүү боюнча тапшырма коюлган.

Быйыл реаблитация боло турган 6 көчөнүн ичинен, 4 көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары аяктады.

Жибек-Жолу проспектисинде Тоголок Молдо көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо аяктады.

Андан тышкары Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабында Абдрахманов көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө   капиталдык оңдоо аяктап, жол ачылган.

Жолдун аталган бөлүгүндө жер асты түтүктөрү жарылгандыгына байланыштуу жаңы басылган асфальт мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготкон фактылар буга чейин эле аныкталган. Бул боюнча тиешелүү акт түзүлүп, жумушту аткарган подрядчы уюмга билдирилген.

Капиталдык оңдоону жүргүзгөн подряддык уюм менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, жумушту аткаруучу тарап, жол тилкесинин сапатына 3 жылдык кепилдик берет. Кепилдик мөөнөтү иштеген убакыт ичинде жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, подряддык уюм өз эсебинен калыбына келтирет.

Учурда Жибек-Жолу проспектисинде жолдун түндүк тарабында да курулуш жумуштары жүрүп жаткандыгына байланыштуу калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү мүмкүн болбой жатат.

Түндүк тарабы ачылары менен түштүк тарабындагы кемчилик подрячы мекеме тарабынан калыбына келтирилет.

Бишкек шаарынын мэриясынынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тапшырыкчы катары жол курулушунун сапатын текшерүү боюнча иш алып барууда.

Айрым медиа каражаттарына жарыяланган кемчиликтер буга чейин муниципалитеттин тиешелүү кызматтары тарабынан аныкталган. Бүгүнкү күндө ал тилкелер көзөмөлгө алынып, алар боюнча иш жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын алкагында капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдүн бирөөсү дагы кабыл алына элек.

Урматтуу шаар тургундары! Капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдө жол тилкеси жарактан чыккан учурларды же кемчилик байкасаңыздар төмөнкү ыкчам байланыш номерлерине билдирүү калтырсаңыздар болот:

Октябрь району — (0708) 83-83-23, (0312) 53-03-15 (Осмоналиев Азамат);
Ленин району — (0555) 31-21-85, (0312) 53-03-15 (Шаршамбеков Кубаныч);
Биринчи май району — (0500) 50-02-57, (0312) 53-03-15 (Мамыр уулу Бакберген);
Свердлов району — (0707) 65-17-17, (0312) 53-03-15 (Борубаев Талант).