2024-жылдын 19-сентябрында «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган командалык штабдык машыгууга активдүү катышты.

Машыгуунун негизги максаты өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда иш-аракеттерди иштеп чыгуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин координациялоо жана жоюу боюнча ыкчам кызматтардын даярдыгын текшерүү болду.

Командалык-штабдык машыгуу 2 даректе жүргүзүлдү, анда ар кандай өзгөчө кырдаалдардын сценарийлери тажрыйбада колдонулду.

Биринчи дарек И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 3-кабатында шарттуу түрдө өрт катталган. Куткаруу кызматтары үч жаранды эвакуациялоо операциясын жүргүзүштү.

Жабыркагандардын бири куткаруучу шаймандардын жардамы менен имараттан чыгарылса, калган экөө атайын үйлөмө батуттун жардамы менен куткарылды.
Машыгуунун экинчи дареги Бишкек шаарындагы «Coca-Cola» компаниясынын базасы болду, ал жерде сценарий боюнча уулуу зат төгүлгөн. Куткаруучулар ишкананын аймагынан 30дан ашык адамды тез арада эвакуациялашты.

Шаардын жылуулук тармактарын эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча жооптуу «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы борбор калаадагы турак жайларды жана өнөр жай объектилерин ишенимдүү жылуулук менен камсыздоодо негизги ролду ойнойт. Кызматкерлердин мындай машыгууларга катышуусу компаниянын шаардагы жылуулук системаларынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга умтулуусун тастыктайт.