Биринчи май районунун №108 мектебинде Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) “Эко-маданият жана медиа” долбоорунун алкагында “Социалдык коомдун модели” иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын максаты окуучулардын арасында маданиятты өнүктүрүү жана алардын айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине катышуусу болуп саналат.

Мектеп окуучулары экожарманке уюштурушуп, анда эко-баштыктар менен кошо колго жасалган буюмдарды тартуулашты жана аларды колдонуу зарылдыгы тууралуу маанилүү маалыматтарды беришти. Алар өз колдору менен жасалган таштанды челектерин көрсөтүп, этияттык чараларын сактоо менен таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү эрежелери тууралуу айтып беришти.


5-9-класстардын окуучулары “Социалдык коомдун модели” темасында презентация жасашты жана окуучулар тарабынан иштелип чыккан тамчылатып сугаруу системасынын модели сунушталган кесипке багыт берүү кабинети менен тааныштырышты.