Административдик-аймактык реформанын алкагында жолчулар "Көк-Жар" айылындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык ремонттон өткөрүп жатышат.

Бригада 6 объекттин ичинен 1 объектиде иштерди жыйынтыктап, 3 объектиде асфальт төшөө иштерин баштады. Ошондой эле 2 объектиде курулуш иштерин баштоо пландалууда.

Д. Нурманбетов көчөсүндө Ж. Молдокулова көчөсүнөн 1-үйгө чейин жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Учурда бригада Достук көчөсүндө, Үмөталиев көчөсүндө 77-үйдөн  Кайыков көчөсүнө асфальт төшөп жатат, аяктагандан кийин Акмат көчөсүнө 7-апрель көчөсүнөн 6/1-үйүнө чейин асфальт төшөй баштайт.

Мындан тышкары, Ч.Айтматов көчөсү боюнча Ала-Тоо совхоз жолунан "Салкын-Төр" жаңы конушуна чейин жолдун негизин даярдоодо.

Ошондой эле Үмөталиев көчөсү 49/2 үйүнөн Коңур Осмон көчөсүнө чейин демонтаж иштери жыйынтыкталгандан кийин курулуш иштерин баштоо пландалууда.