Чүй облустук  Термечиков атындагы музыкалык драма жана сатира театрында “Өчпөс кыргыз тилинин доору” аттуу иш-чара   өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун Виктория Мозгачева, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гульнара Ибраимова, мэриянын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.

Ошондой эле Бишкек шаарынын райондорунун билим берүү башкармалыктардын башчылары, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мектеп директорлорунун мамлекеттик тил боюнча орун басарлары жана мугалимдер чакырылды.

Иш-чаранын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана КР «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган  театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, иш-чара Бишкек шаарынын Билим берүү департаменти тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган үч айлыктын алкагында өткөрүлдү.