Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору мыйзамсыз унаа токтотуу боюнча кезектеги рейд өткөрүштү. Унааларын газондорго токтоткон айдоочуларга чара көрүлдү.  

7-Апрель көчөсүндөгү жашыл аянтка үч айдоочу унаасын токтоткон. Аларга карата  Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн КРнын "Укук бузуулар жөнүндө"  кодексинин 114-беренеси боюнча жалпы суммасы 9 000 сомго протоколдор түзүлгөн.

Белгилей кетсек, айдоочулардын кайдыгерлигинен улам жашыл аянт бузулуп, чөп өспөй калат. Мындай иш-аракеттер мыйзам чегинен тышкары жана борбор шаардын көркүн бузат.

Урматтуу айдоочулар!  Жашыл аянтка  унаа токтоткондорго  КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, 3 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып салынаарын эскертебиз!