Бишкекте бир катар курулуш компаниялары шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышты.

Атап айтканда:
-Ажыбек Баатыр көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан "Прайм Констракшн" ЖЧК: курулуш объектинин жанаша аймагында тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу боюнча эрежелерди сактаган  эмес.КРнын "Укук бузуулар жөнүндө"  кодексинин 114-беренеси боюнча 13 000 сом суммасында  протокол түзүлдү;
- "Кент Строй" ЖЧКсы: курулуш аянтчасында санитардык нормалардын сакталбашы, бетон аралашмасынын төгүлүшү жана ирригациялык системаны булгаганы  үчүн  114- 115-берененин 2-бөлүгү жана 249-берене боюнча протокол түзүлүп, салынган  айып пулдун жалпы суммасы 49 000 сомду түздү;
- "Памир Строй" ЖЧК: жанаша аймагындагы антисанитария, ошондой эле муниципалдык аймакка  бетон аралашмасын төккөнү үчүн компанияга  114 жана 115-берененин 2-бөлүгү боюнча 36 000 сом суммасында протокол жазылды.

Бардык юридикалык жана жеке жактар Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сакташы керектигин эскертебиз.