Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндөгү жол капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Учурда адистер асфальт-бетон аралашмасын төшөй башташты.

Жумабек көчөсүнүн Манас проспектисинен Исанов көчөсүнө чейинки капиталдык ремонту 2024-жылдын титулдук тизмесинде каралган.

Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө кызыл сызыктан чыккан бардык объектилер демонтаждалып, ирригациялык система орнотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин жолдун эки тарабында тең тротуар капиталдык оңдоодон өтүп, асфальттын жаңы катмары салынган.