Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгек укуктары боюнча медиа-эксперт Аскар Турдугулов (Оскар Райс) реконструкциялоо иштери аяктап жаткан Ала-Тоо аянтынын жеткиликтүүлүгү боюнча практикалык изилдөө жүргүзүштү.
Ошентип, активист пандустарды колдонуунун ыңгайлуулугун жеке мисалы менен көрсөттү.
Өз кезегинде мэрдин орун басары активистке бул иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Активист бул өзгөртүүлөр үлгү болушу керектигин баса белгиледи.
«Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттарды түзүп жатканыбызга абдан кубанычтамын. Бул шарттар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн гана эмес, кыймылы чектелген жалпы калк үчүн да маанилүү экенин белгилегим келет: булар, мисалы, улгайган адамдар, коляскасы бар энелер, велосипед тээп жүргөндөр», - деп кошумчалады А.Турдугулов.
Белгилей кетсек, Ала-Тоо аянтын реконструкциялоодо биринчи жолу ыңгайлуу пандустар пайда болду.
Буга чейин мэр Айбек Джунушалиев 2024-жылдын 10-сентябрында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөө жүрүшүн баштоо аземинде куттуктоо сөз сүйлөп, көрүлүп жаткан чараларга токтолгон. Башка нерселер менен катар ал мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык мейкиндиктин жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу көйгөйлөр аныкталганын билдирген.
Борбор калаа башчысы буга мисал катары Ала-Тоо аянтын реконструкциялоону атады, анда фонтан бөлүгү кыймылы чектелүү адамдар үчүн кыйын болгон.
Учурда бул кемчиликтер оңдолуп, Ала-Тоо аянтына подрядчик тарабынан ыңгайлуу пандустар орнотулду.