"Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы Чыгыш-5 кичирайонунда лифт жабдууларын модернизациялоо иштерин активдүү улантууда. Долбоордун негизги максаты – эскирген лифттерди жаңы, заманбап лифттерге  алмаштырып, тургундар үчүн коопсуздукту жана ыңгайлуулукту жогорулатуу.

Модернизациялоонун жүрүшүндө лифт жабдуулары толук алмаштырылып, техникалык системалары жаңыланып, заманбап механизмдер орнотулууда. Иштердин жүрүшүндө эски лифттер демонтаждалып, жаңы кабиналар жана башкаруу системалары орнотулат, ошондой эле лифттерди ишке киргизүүдөн мурун техникалык текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Чыгыш-5 кичирайонуна жаңы лифттердин артыкчылыктарын жакын арада баалоо мүмкүнчүлүгү берилет. Лифт чарбасын модернизациялоо – шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.