Коллегияга вице-мэрлер, шаардык жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде Бишкек шаарынын 2016-жылдын I жарым жылдыгындагы экономиканын натыйжалары жана II жарым жылдыкта аткара турган милдеттер, ошондой эле "2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын-алуу" комплекстүү шаардык программасынын алкагында балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча райондук администрациялардын ишмердүүлүктөрү талкууланды.