2024-2025-жаңы окуу жылынын башталышы менен Бишкектин Октябрь районундагы мектептеринде жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча активдүү иш башталды.
Октябрь муниципалдык администрациясынын, билим берүү башкармалыгынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун өкүлдөрү, жарандык активисттер,балдар менен иш алып барган мектеп инспекторлору, медицина кызматкерлери катышууда.
Бул иш-чаралардын алкагында мектеп окуучуларынын арасында баңгиликтин алдын алуу жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган педагогикалык жамаат жана окуучулардын ата-энелери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Октябрь районунун №3, 14, 64 жана 98 мектептеринде жыйындар өтүп, ага 500гө жакын адам катышкан. Мындан ары бекитилген график боюнча райондун бардык мектептерин камтуу пландалууда.
Мектеп жетекчилеринин жана укук бузуулардын алдын алуу кызматтарынын алдына коюлган негизги милдет окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү, чыр-чатактарга ыкчам чара көрүү жана массалык мушташтарга жол бербөө болуп саналат.
Ошондой эле социалдык кооптуу кырдаалда турган өспүрүмдөрдү аныктоо жана «оор» өспүрүмдөрдү иш менен камсыз кылуу, маанилүү аспект болуп саналат, бул өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жана райондун мектептеринде жалпы коопсуздукту жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Мындай комплекстүү иштер мектепте дени сак жана коопсуз климаттын калыптанышына өбөлгө түзөт, ошондой эле жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуунун маанилүүлүгү тууралуу ата-энелер менен мугалимдердин маалымат менен камсыз болушун жогорулатат.