Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Кара-Дарыя көчөсүндөгү жолдун курулушуна тоскоол болгон объектилерди демонтаждады.
Алсак, Л.Толстой менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги 69 объект демонтаждалып, 3850 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган.
Бузулган объектилердин арасында:
- 13 капиталдык имараттар;
- 6 жеке үйлөрдүн темир тосмолору;
- 2 унаа токтотуучу жай;
- 1 кафе;
- чарбалык объектилердин 7 темир-бетон тосмолору;
- 39 жеңил конструкция жана контейнер.
Белгилей кетсек, тоскоол болгон объектилер алынып, жаңы жол салууга мейкиндик түзүлдү.