Шаарда мыйзамсыз жарнамаларды алуу боюнча пландуу иштердин алкагында Свердлов акимчилигинин адистери Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз орнотулган, шаардын дизайн-кодуна туура келбеген 78 даана жарнамалык түзүлүштөрдү, жарнамаларды жана баннерлерди алышты.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесине ылайык, 14 протокол түзүлүп, айып пул салынган.
Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана стандарттарын сактоо боюнча иштерди улантууда.