Свердлов акимиаты "Аламүдүн", "Ак-Эмир", "Мадина", "Чынар" базарларынын жанында, ошондой эле "ЦУМ", "ГУМ" соода борборлорунун жанында жана Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде уруксатсыз сооданы жоюу боюнча иштерин улантууда.
Күн сайын муниципалдык администрациянын жана МАБнын кызматкерлери "Тазалык" МИси менен биргеликте аталган базарлардын жана соода борборлорунун аймагында белгиленбеген жерлерде, ошондой эле чектеш көчөлөрдө мыйзамсыз соодага бөгөт коюу үчүн рейддерди өткөрүшөт.
Жыйынтыгында "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 344 000 миң сомго 108 протокол түзүлдү.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагында соода жүргүзүүгө жана соода түйүндөрүн аныкталбаган жана атайын белгиленбеген жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.
Тартип бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.