Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара  өттү.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, мугалимдер жана шаар тургундары катышты. Бишкек шаарынын мэриясы жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулган бул майрам мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган маанилүү иш-чара катары таанылды.

Иш-чара «Доор» фольклордук ансамбли тарабынан кыргыз күүлөрүн аткаруу менен ачылды. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков катышуучуларды куттуктап, кыргыз тилинин өлкө турмушундагы маанилүү ролун белгилеп, аны келечек муундарга мурас катары калтыруу зарылдыгын белгиледи. Кыргыз тили коомунун президенти Раимжан Курбанов да сөз сүйлөп, Улуттук иденттүүлүктүн жана аны сактоонун символу катары кыргыз тилинин маанилүүлүгүнө басым жасады.

Концерттик программа «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестринин жана белгилүү аткаруучулардын аткаруулары менен конокторду кубандырды. Артисттер кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган чыгармаларды тартуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир нече демилгелер айтылып, белгиленди. Мамлекеттик тил көп улуттуу өлкөнүн биримдигинин жана ынтымагынын символу экени баса белгиленди.