Бишкек шаарында Саманчин көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жолдун түндүк тарабындагы жаңы тротуар куруу иштери жүрүп жатат.

Бул жерде толук кандуу тротуар дээрлик жок болгондуктан, иш демонтаждоодон башталган. 923 тоннага жакын таштанды чыгарылып, мурда бул жерде жайгашкан 20дан ашык күркөлөр демонтаждалган.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын бригадасы эски асфальтты сыйруу иштерин бүтүрүп, ирригация системасын, ошондой эле бордюрларды орнотуу иштерин баштады.

Бул долбоор жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү боюнча шаардык программанын бир бөлүгү болуп саналат.

Бишкек – бардыгы үчүн ыңгайлуу шаар!