Бишкек шаарындагы №5 мектептин спорт аянтчасында “Биз кылмыштуулукка каршыбыз” деген ураан алдында балдар жана өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Свердлов районунун администрациясы менен биргеликте өткөрдү.
Бул турнирдин максаты – келечек муундарды коомдогу терс көрүнүштөрдөн, кылмыштуулуктан алыстатуу, мектеп окуучуларын спорт аркылуу ынтымакка чакыруу болуп саналат.
Мелдешке шаардын төрт районунан тең командалар катышты.
Жыйынтыгында сыйлыктар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун – Свердлов району;
2-орун – Биринчи май району;
3-орун – Ленин району;
4-орун – Октябрь району.
Жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.