Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

2024-жылдын 13-сентябрында саат 23:00дө Жибек-Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишин  жабуу пландалууда. Кесилиш 2024-жылдын 16-сентябрында саат 08:00дө ачылат.

Белгилей кетсек, Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин оңдолот.