Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин аткарбагандыгы үчүн курулуш компанияларына айып пул салынды.Мыйзам бузуу фактылары боюнча муниципалдык инспекция тарабынан протоколдор түзүлдү.
Санитардык талаптарды "Глобус строй" ЖЧКсы жана "Кап строй Групп" ЖчКсы бузган. Эки компанияга тең КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча 13 000 сомдон айып салынган.
"Аалам Строй" ЖЧКсы 115-берененин 2-бөлүгү жана 177-берененин 1-бөлүгү боюнча дароо эки протокол алган.
Курулуш таштандыларын ыргытып жиберүү (бетон аралашмасы жана жол курулмаларын бузгандыгы) үчүн 40 000 сом айып пул төлөйт.
Оңдоо-өндүрүш иштерин уруксат берүүчү документтерисиз жүргүзгөндүгү жана курулуш материалдарын кампага топтогондугу үчүн "Ала-Тоо Партнер Строй" ЖЧКсы КРнын " Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү жана 178-бөлүгүнүн 3-бөлүгү менен жазаланган.
Урматтуу курулуш компаниялары! Көрктөндүрүүнүн белгиленген эрежелерин сактаңыздар.
Мыйзам бузууларга жол бербеңиздер!