«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы борбордогу көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттердин абалын жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Иштөө мөөнөтү 25 жылдан ашкан лифт жабдууларын алмаштырууга багытталган модернизациялоо программасынын алкагында Тынчтык пр, 29 дарегиндеги үйдө жаңы лифт орнотуу иштери жүрүп жатат.

Бул үйдүн имараттарынын биринде лифт толугу менен алмаштырылып, пайдаланууга берилген, эми анын жашоочулары заманбап жана коопсуз жабдууларды колдоно алышат. Башка корпуста жаңы лифтти орнотуу иштери улантылууда, жакын арада бул көп батирлүү үйдү модернизациялоону аяктоого мүмкүндүк берет.

Бул модернизациялоо - "Бишкекшаарлифт" МИнин шаардагы лифттердин коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча планынын бир бөлүгү.