«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «Контррезервуар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Бул иштердин алкагында 2024-жылдын 17-сентябрында Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасына таза суу берүү саат 9:00дөн 19:00гө чейин токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
- Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы.

Урматтуу шаар тургундары!   “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.