Муниципалдык инспекция тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндөргө каршы иш-чараларды улантууда.
Бишкектин көрктөндүрүү эрежелерин бузган шаардыктарга айып пул салынды.
Ленин районунда кургак өсүмдүктөрдү өрттөгөнү үчүн КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 253-беренеси боюнча жалпы суммасы 11 000 сомго эки протокол түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып санкцияларын бир шаар тургуну жана эки жеке ишкер алды.
Урматтуу шаар тургундары, уюмдар! Таштандыларды, кургак чөптөрдү жана башка тыюу салынган нерселерди өрттөбөңүз.
Ошондой эле ишембилик учурунда чогултулган таштандыларды өрттөө жолу менен жок кылуу болбой тургандыгын эскертебиз.
Өрттөгөндөр толук жоопкерчиликти алышат!