Бишкек шаарында мыйзамсыз объекттерди демонтаждоо иштери уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы Садыбакасов көчөсүндө жайгашкан «Равза» ашканасынын кеңейтилишин демонтаждоодо.

ЖПКБнын кызматкерлери жеринде Батыш РЭСтин, Бишкексууканал жана «Тазалык» ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барышууда.

Натыйжада, 90 чарчы метр жеңил конструкция менен кеңейтилген жер бошотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксат берилбеген орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген.