Бишкектин райондорунда дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча комиссиянын жыйыны өттү.
Алсак, Свердлов району боюнча 14 долбоор каралып, 9 долбоор жактырылып, дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого сунушталган.
Каражат негизинен чатырды оңдоого, фасадды жаңылоого жана башкаларга жумшалат.
Ленин району боюнча комиссиянын кароосуна 14 долбоордук арыз келип түшкөн.
Жыйынтыгында чатырды оңдоо, жылытуу системасын оңдоо, имараттын фасаддарын оңдоо, ирригациялык жана канализациялык системаларды куруу сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча 8 арыз тандалып алынган.
Жакынкы аралыкта МАБ жана Ленин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.
Белгилей кетсек, гранттар Бишкек шаарынын аймагын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, коомдук активдүүлүктү жогорулатууга жана муниципалдык жана башка турмуштук маселелерди өз алдынча чечүү жолдорун иштеп чыгууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого бөлүнөт.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар аркылуу жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоонун шарттары жөнүндө маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор боюнча иш күндөрү маалымат ала аласыз:
Свердлов району – 0312 433 891;
Ленин району - 0312 656 901.