Борбор калаадагы  Беларус  көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Белгилей кетсек, жолдун үстүнкү катмары бузулуп калган. Оңдоодон кийин   бул көчөдө унаа айдап гана тим болбостон, жөө жүргүнчүлөр да жолдо коопсуз жүрө алышат.

Адистер тарабынан эски асфальт алынып, тротуар, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, ирригациялык система орнотулуп, эки катмар асфальт төшөлүп, жол сызыктары түшүрүлүп, коопсуз өтмөк үчүн жасалма дөңчө  орнотулду.

Оңдоо иштери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан  2024-жылга карата кошумча титулдук тизмесине  ылайык жүргүзүлдү.